Илгери онунчу кылымда бир карыя болуптур. Ал жаш кезинде бир татынакай ак жуумал, кызга үйлөнүптүр.
Жазында кундөрдун бири шаркыраган суунун боюна барып жуунуп, чачын тарап, эс алып отурган экен.
Шаркыратманын жанында көп дары өсүмдүктөр, куштар, жаныбарлар жашашчу. Ар кандай чөптөр менен чачын жууп, тарап жатканда, бир заматта кайдан-жайдан карышкырлар келип калышат.
Келин чочуп, коркуп кетип ташка тайгаланып, сууга чөгүп кетет.
Ошол корккон маалда эле аялдын жүрөгү токтоп, жан бериптир.
Куйөөсү издеп таппай , санаасы токтобой, токойго барат. Таппай келип, дагы бир жума издейт экен.
Кийин боз үйүнө келсе эле, ак карышкыр шырдакты тебелеп, уйдун ичинде бир нерсе издегендей жыттап жүрүптур.
Карышкырдын териси ак, көздөрү көк, куйругу узун болуптур.
Киши аялынын жоктугуна кайгырып, издеп, уйдун ичиндеги карышкырдан деле коркпоптур. Куйөөсү жалгыз болуп, суйлөшкөнгө киши таппай, карышкыр менен сүйлөшүп, экөө дос болуп калат экен.
Ошентип киши аялын издейт кайгырат, ак карышкыр менен токойго күнү-түнү издеп барышат. Куйөөсү аялы барган шаркыратманын жанына келсе, аялынын тарак, буюмдары ошол бойдон ордунда жатыптыр.
” Ии, чырагым, кайда кеттиң, сууга чөгуп кеттиңби каралдым ? – деп ошол жерден кайгырып, көзу жашка толуп, куран окуп, балбал таш коюп коет.
Тарагын ала кетип, боз үйунө барат.
Бир күнү ак карышкырдын териси тулөп жатканын көруп, киши боору ооруп, карышкырды аялынын тарагы менен тарай баштайт. Карышкырдын жүнү түшүп, кайрадан , узун жылтылдаган жаңы жун чыга баштайт.
Бул окуя онунчу кылымда кыргыз жеринде болгон экен.

Киши менен ак карышкыр күнү-түнү токойго барып, коен, ар кандай жандыктарды чогуу кармап келишчу. Билинбей ошентип мезгилдер өтүп, киши жашы улгайып карыя болот. Карыяны суйлошөөргө адам болбогондуктан ал ак карышкыр менен дос болуп калат. Карыя малын көбөйтүп, жашоо шарты жакшырып бай жашап калат.
Бир күнү абышка туш көрөт экен.
Түшүндө аялы келип, сөз айтат:
“Абышкам, ак карышкырларды көрсөң, өлтүрбө ! Менин жашоом – эки дүйнөдө. Жаныңда турган ак карышкыр менмин. Бирок, мен бул дүйнөдө кайра аял киши болуп айлана албайм.
Ак карышкырлардын жан дүйнөсүн байытам.
Биздин аң сезимиз бар! Биз силерге эч жамандык кылбайбыз. Биз силерге түз жол көрсөтүп, малыңарга тийбейбиз. Байлыгыңар өсөт. Бирок ушул жерлерге башка эл келсе, сен аларга ак карышкырларга тийбеш керектигин айтып кой. Ак карышкыр – аң сезими бар жаныбар! Ай толгондо адамга айланып ,бул дүйнөгө келип турабыз.
Жолдо жургөн, байсалдуу, көзү көк, ак чачтуу, ак чепкен кийген адам келсе, козү же болбосо бир жандык союп, батаңды берип кой!”
Ошол түштөн кийин карыя абдан байып, келген кишилер менен байлыгы менен бөлүшүп чоң кыргыз эл болуп, ошол кооз жерлеринде тейлеп шаркыратманын жанында жашап калышкан экен.
18.04.2021
Жакомо